Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Римдиктер 12:2: «Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»

Римдиктер 12:2: «Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»

 «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле. Тескерисинче, Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билишиңер үчүн, акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө» (Римдиктер 12:2, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө» (Римдиктер 12:2, «Үмүт нуру» котормосу).

Римдиктер 12:2нин мааниси

 Кудайга жаккысы келгендер ой жүгүртүүсүнө терс таасир эте турган нерселерден оолак болгондон сырткары, кулк-мүнөзүн өзгөртүшү керек. Албетте, мындай кылууга Кудай эч кимди мажбурлабайт. Андай адамдар Кудайды жакшы көргөндүктөн, анын жакшылык гана каалаарын, талаптары акылга сыярлык экенин, пайда гана алып келерин түшүнгөндүктөн өзгөргөнгө умтулушат (Ышая 48:17).

 «Бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле». «Дүйнө түзүлүшү» деген иштери, жүрүм-туруму жана карманган нормалары менен Кудайды баркка албай турганын көрсөткөн адамзат коомун билдирет (1 Жакан 2:15—17). Андай коом адамдарга дайыма кысым көрсөтүп, алардын жүрүм-турумун, кулк-мүнөзүн, табиятын калыптайт. Кудайга жаккандай сыйынгысы келген киши дүйнөнүн таасирине алдырбашы керек. Антпесе, өзүнө зыян алып келе турган жана Кудайды капаланта турган сапаттарды өрчүтүп алат (Эфестиктер 2:1—3; 4:17—19).

 «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билгишиңер үчүн». Кудай ага сыйынгандардын ишенген нерселеринин чындык экенине толугу менен ынанышын каалайт. Ан үчүн алар Ыйык Китепти изилдеп, андан билгендерин жашоосунда колдонуп, Кудайдын нормаларына ылайык жашагандын пайдасын көргүдөй болушу зарыл. Ошонун аркасында Кудайдын жолдорун таанып-билип, алардын эң туура экенине ынана алышат (Забур 34:8).

 «Акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө». Кудайга жаккысы келген адам жүрөгүнүн түпкүрүндөгү терс сезимдеринен арылганга, туура эмес көз карашын өзгөрткөнгө дайыма умтулуп турганы маанилүү. Грек тилинде «өзгөрүү» деген сөз малактын көпөлөккө айлангандагы процессти эске салат. Мындан «өзгөрүү» канчалык деңгээлде болушу керектигин айкын көрүүгө болот. Ооба, Кудайга сыйынгандар «жаңы табиятка» кийиниши керек (Эфестиктер 4:23, 24; Колосалыктар 3:9, 10).

Римдиктер 12:2нин контексти

 Римдиктер китебинин 12-бөлүмүндө Кудайга жаккандай сыйынууга эмнелер кирери түшүндүрүлөт. Мындай сыйынуу адамдын жашоосунун ар бир тармагына таасир этет. Ошондой эле сокур ишенимге же сезимдерге жетеленбей, «акыл жөндөмдү» колдонуп иш кылууну талап кылат (Римдиктер 12:1, 3). Андан тышкары, бул бөлүмдө Кудайга жаккан сапаттарды кантип чагылдырса болоруна, башкалар менен кантип тил табышса болоруна жана жаман мамилеге туш болгондо эмне кылыш керектигине байланыштуу кеңештер жазылган (Римдиктер 12:9—21).