ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Филипиликтер 4:8. «Эмне чындык болсо... ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө»
«Ошентип, бир туугандар, эмне чындык болсо, эмне олуттуу көңүл бурууга татыса, эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы пикирде болушса, эмне жакшылык деп эсептелсе, эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө» (Филипиликтер 4:8, «Жаңы дүйнө котормосу»).
«Ошентип, бир туугандарым, эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула» (Филипиликтер 4:8, «Үмүт нуру» котормосу)
Филипиликтер 4:8дин мааниси
Кудай адамдардын эмне жөнүндө ой жүгүртүп жатканына кызыкдар. Анткени ойлорубуз иш-аракеттерибизге таасир этет (Забур 19:14; Марк 7:20—23). Андыктан анын ырайымына ээ болгусу келгендер ага жакпаган ойлорду четке кагып, ага жаккан нерселер жөнүндө ой жүгүртүшү керек.
Бул аятта Кудайдын кызматчылары дайыма ой жүгүртүшү керек болгон 8 нерсе жөнүндө айтылган. Биз алар тууралуу «ой жүгүртүүнү» адат кылып алганыбыз маанилүү.
«Эмне чындык болсо». Бул сөз өз ичине Кудайдын Сөзүндө жазылган маалымат сыяктуу ишенүүгө татыктуу, жакшы нерселерди камтыйт (1 Тиметей 6:20).
«Эмне олуттуу көңүл бурууга татыса». Бул сөз айкашы чындап маанилүү болгон нерселерге карата айтылат. Андай нерселер Кудайдын кызматчыларына туура иш кылганга ого бетер чечкиндүү болгонго жардам берет. Аларга маңызсыз, пайдасыз же анча маанилүү эмес нерселер кирбейт (Тит 2:6—8).
«Эмне адил... болсо». Бул сөз адамдардын чектелген акылмандыгына эмес, Кудайдын адил нормаларына шайкеш келген ой-максаттарга жана иш-аракеттерге карата колдонулат (Накыл сөздөр 3:5, 6; 14:12).
«Эмне таза болсо». Бул сөз ойлорубуздун, ниеттерибиздин адеп-ахлактык жактан эле эмес, бардык жактан таза жана ыйык болуу деген маанини туюнтат (2 Корунттуктар 11:3).
«Эмне сүйүүгө татыктуу болсо». Бул сөз айкашы жек көрүүчүлүккө, көрө албастыкка же чыр чатакка эмес, жагымдуу, сүйүүгө түрткү берген нерселерге карата колдонулат (1 Петир 4:8).
«Эмне жөнүндө жакшы пикирде болушса». Бул сөз айкашы жакшы атка ээ болууга өбөлгө түзгөн жана Кудайды урматтаган адамдар жактырган нерселерге карата айтылат (Накыл сөздөр 22:1).
«Эмне жакшылык деп эсептелсе». Бул сөз айкашы Кудайдын нормалары боюнча бийик адеп-ахлактыкка жаткан нерселерге карата колдонулат. Ал нерселер бардык жактан кынтыксыз (2 Петир 1:5, 9).
«Эмне мактоого татыктуу болсо». Бул Кудайдын көз алдында мактоого татыктуу болгон нерселерди билдирет. Ошондой эле ага адамдар ой жүгүртүшү керек болгон Кудайдын даңктуу иштери кирет (Забур 78:4).
Филипиликтер 4:8дин контексти
Элчи Пабыл Филипидеги Исанын жолдоочуларына кат жолдогондо Римде үй камагында отурган. Ошентсе да Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар ал катты «кубаныч каты» деп сүрөттөшөт. Анткени ал катта Пабыл ишенимдештерине жылуу сезимдерин билдирген, аларды жакшы көрөрүнө ынандырган (Филипиликтер 1:3, 4, 7, 8, 18; 3:1; 4:1, 4, 10).
Пабыл Филипидеги ишенимдештерин жакшы көргөн жана алардын аныкындай кубанычка, жан дүйнө тынчтыгына ээ болушун каалаган (Филипиликтер 2:17, 18). Ошондуктан катынын акыркы бөлүгүндө аларды кубанычын жоготпогонго, акыл-эстүү болгонго, Кудайдан тиленип, ага таянганга, ошондой эле Кудай берген тынчтыкка — жан дүйнө тынчтыгына — өбөлгө түзгөн нерселерге көңүл топтогонго үндөгөн (Филипиликтер 4:4—9).
Филипиликтер китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.