Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ата-энем ажырашып жатат. Кантем?

Ата-энем ажырашып жатат. Кантем?

 Көптөгөн өспүрүмдөрдү стресске кабылткан жагдайлардын бири — ата-энесинин ажырашканы. Сага кайгынын чеңгелинде калбаганга эмне жардам берет?

Бул макалада:

 Кылбашың керек болгон үч нерсе

 1. Өзүңдү күнөөлөбө

 «Бир жолу апам атаң экөөбүздүн ортобуздагы көйгөйлөрдүн баары сен төрөлгөндө башталган деп айткан. Ошон үчүн ата-энемдин ажырашып жатканына мен күнөөлүү турбаймынбы деп ойлоп калгам» (Даяна).

 Муну эсиңден чыгарба: Ата-энең сенин айыңдан ажырашып жаткан жок. Алар мамилеси сууп калганы үчүн ажырашып жатышат. Алардын ортосундагы көйгөйгө сен себепкер эмессиң жана аларды сен чече албайсың. Бул — ата-энеңдин милдети.

 «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт» (Галатиялыктар 6:5).

 2. Жүрөгүңдө таарынычтын уялашына жол бербе

 «Атам апамды таштап, башка аялга кетип калганда, ага аябай ачуулангам. Атам менин ишеничимен кетип калды. Эми ага кайра кантип ишенем?» (Рианна).

 Муну эсиңен чыгарба: Ата-энең ажырашып жатканы үчүн көңүлүң чөгүп, ачууланышың мүмкүн. Сени түшүнсө болот. Бирок аларга таарынып, ошол таарынычка жүрөгүңдөн орун бергениң өзүңө эле жаман. Бул ден соолугуңду да талкалайт, эмоциялык жактан да жабыркатат. Ошондуктан таарына берүүнү уу ичип алып, бирок башка бирөө ооруп кыйналат деп күткөнгө салыштырса болот. a

 «Ачууңду тый, каарыңды бас» (Забур 37:8).

 3. Мен да үй-бүлө курсам, бактысыз болуп калам деп коркпо

 «Мен да атамдай болуп каламбы деп корком. Турмушка чыгып балалуу болгондо ата-энемдин катасын кайталап, ажырашып кетпеймби деп корко берем» (Джессика).

 Муну эсиңден чыгарба: Ата-энеңдин оту күйүшпөй калганы сеники да ошондой болуп калат дегенди билдирбейт. Эске алчу нерсе, ата-энеңдин катасынан көп сабак алсаң болот. Мисалы, өмүрлүк жар тандап жатканда анын кандай сапаттары болушун кааласаң, ошого көбүрөөк көңүл топтосоң болот. Ата-энеңдин эки башка жолго түшкөнү сага жакшы күйөө же жакшы аял болгонго жардам бере турган сапаттарды өрчүтүүгө түрткү бериши мүмкүн.

 «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин» (Галатиялыктар 6:4).

Ата-энең ажырашкандан кийинки абалың сынган сөөктүн бүтүп келе жатканына окшош. Албетте, учурунда ооруйт, бирок убакыттын өтүшү менен сакаят

 Сен кыла ала турган үч нерсе

 1. Ачык сүйлөш. Эгер адам терс сезимдерин сыртка чыгарбай, ичине ката берсе, ичкиликке же баңгизатка берилип, өзүнө эле зыян алып келиши мүмкүн. Андай кылгандын ордуна, төмөнкүлөрдү кылып көр:

 Ата-энең менен ачык сүйлөш. Эгер атаң же апаң, же экөө тең ортолорундагы көйгөйлөрүн айтып, сени өз тарабына тарткысы келсе, бул сага кандай таасир этип жатканын жумшак, бирок чечкиндүүлүк менен түшүндүрүп бер. Эгер алар менен жекеме-жеке сүйлөшүү кыйынга турса, анда алардын бирине же экөөнө тең кат жазсаң болот.

 Ишенген досуң менен сүйлөш. Кимдир бирөө сени кунт коюп укса, кадимкидей жеңилдеп каласың. Ыйык Китепте: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 17:17).

 Жараткан Кудайың менен сүйлөш. «Тиленүүлөрдү Угуучу» Жахаба Кудай сени укканга дайыма даяр (Забур 65:2). Ыйык Китепте айтылгандай, бардык түйшүгүңдү ага артсаң болот, анткени ал сага кам көрөт (1 Петир 5:7).

  •   Ата-энеңдин кимиси менен жай отуруп сүйлөшө аласың?

  •   Ишенген досторуңдун (теңтушуң болобу же улуураак бирөө болобу) кимиси сага жөлөк-таяк боло алат?

  •   Кудайга эмнелерди ачык айтып тиленсең болот?

 2. Өзгөрүүлөргө ылайыкташ

 Ата-энең ажырашканда, көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, башка үйдө жашашың, жаңы мектепке барышың, атүгүл жаңы досторду күтүшүң керек болот. Акча маселесине байланыштуу да жагдайың өзгөрүшү мүмкүн. Албетте, көңүлүң чөгүп, стресс болбой койбойсуң. Жашооң астын-үстүн болуп кеткендей сезилиши ыктымал. Ошондой өзгөрүүлөргө оңоюраак көнүп кеткенге эмне жардам берет? Жаңы жагдайга кантип ылайыкташсаң болоруна көңүл топто.

  •   Ата-энең ажырашканда, баарынан да сага эмне кыйынга турду?

  •   Ошол өзгөрүүгө көнүп кетиш үчүн эмне кылсаң болот?

 «Бардык жагдайларда колумда болгон нерсеге ыраазы болууга үйрөнгөм» (Филипиликтер 4:11).

 3. Күчтүү жактарыңды аныктап ал

 Ата-энең ажырашканда, жан дүйнөңө бүлүк түшөт. Анткен менен, бул сага күчтүү жактарыңды көргөнгө жардам бериши мүмкүн. Керек болсо, дагы жакшы сапаттарды өрчүткөнгө көмөк кылышы ыктымал. «Ата-энем ажырашып кеткенден кийин, мага көбүрөөк жоопкерчиликтүү болгонго туура келди,— дейт ата-энеси 13 жашында ажырашып кеткен Жереми.— Үйдүн улуусу болгондуктан апама кол кабыш кылып каралашканга, инилериме арка-бел болгонго туура келди».

Ата-энеңдин ажырашып кеткени сага үйдө көбүрөөк жоопкерчиликтүү болгонго түрткү бериши мүмкүн

  •   Ата-энеңдин никеси ыдыраганда, өзүңдүн кандай күчтүү жактарыңды байкадың?

  •   Дагы кайсы сапаттарды өрчүткүң келет?

 «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана... оңдоо үчүн... пайдалуу» (2 Тиметей 3:16).

a Көбүрөөк билгиң келсе, «Канткенде ачууга алдырбайм?» деген макаланы окуп көр.