ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ
Ата-энем менен алар киргизген эрежелер жөнүндө кантип сүйлөшсөм болот?
«15 жашымда ата-энем киргизген эрежелердин баарын туура деп эсептечүмүн. Бирок азыр 19га чыгып калдым, ошондуктан көбүрөөк эркиндикке ээ болгум келе баштады» (Силвия).
Сага да Силвияныкындай ойлор келеби? Эгерде ошондой болсо, бул макала ата-энең менен ушул тууралуу сүйлөшкөнгө жардам берет.
Эмнелерди билишиң керек?
Ата-энең менен алар киргизген эрежелер жөнүндө сүйлөшөрдөн мурун буларды билип ал:
Эрежелер болбосо баш аламандык болуп кетмек. Унаага толгон чоң жолду элестетсең. Жол белгилери, шам белгилер жана ылдамдык эрежеси жок деп коёлу. Андайда эмне болот эле? Ата-энең киргизген эрежелерди да ушуга салыштырса болот. Алар үйдө тартиптин болушуна өбөлгө түзөт.
Эрежелер ата-энеңдин сага кам көрүп жатканынын белгиси. Эгер эч кандай эрежелерди киргизбесе, бул алардын сага кам көрбөй турганын көрсөтүп калмак. Андай ата-энени жакшы деп айтууга болобу?
БИЛЕСИҢБИ? Ата-энелер карманган да эрежелер бар. Ишенбей жатсаң, Башталыш 2:24тү, Мыйзам 6:6, 7ни, Эфестиктер 6:4тү жана 1 Тиметей 5:8ди окуп көр.
Бирок ата-энең эрежелерди адилетсиз түрдө киргизгендей сезилип жатсачы?
Эмне кылсаң болот?
Ата-энең менен сүйлөшөрдөн мурун ойлонуп көр. Ата-энеңе дайыма баш иесиңби? Эгер алар киргизген эрежелерди көп бузсаң, көбүрөөк эркиндик сурабай эле турганың жакшы болоттур. Балким, «Канткенде ата-энемдин ишеничине ээ боло алам?» деген макаланы окуп көрөттүрсүң.
Дайыма баш ийип жүрсөң, эмне деп айтарыңды даярдап ал. Ата-энеңе эмне деп айтарыңды алдын ала ойлонуштуруп алсаң, өтүнүчүңдүн орундуу же орунсуз экенин түшүнөсүң. Андан кийин ата-энеңе баарыңардын көңүлүңөр жай болуп турган убакта жана ыңгайлуу, ылайыктуу жерде сүйлөшүүнү сунуштасаң болот. Ата-энең менен сүйлөшөрдө буларды эсиңден чыгарба:
Урматтап-сыйла. Ыйык Китепте: «Жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 15:1). Эгерде ата-энең менен талашып-тартышсаң же адилетсиз түрдө чектөөлөрдү коё берерин айтып айыптасаң, жакшы натыйжага жетпей турганыңды эсиңден чыгарба.
«Ата-энемди канчалык көбүрөөк урматтасам, алар да мени ошончолук урматташат. Эки тарап тең бири-бирин урматтаса, бир пикирге келүү оңоюраак болот» (Биянка, 19 жашта).
Кунт коюп ук. Ыйык Китепте: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын»,— делет (Жакып 1:19). Ата-энең менен сүйлөшкөндө өзүң эле сүйлөй бербей, аларды да уга билишиң керектигин унутпа.
«Чоңойгон сайын, ата-энемден көбүрөөк билем деп ойлой башташың мүмкүн, бирок чындыгында андай эмес. Алардын кеп-кеңештерин укканың маанилүү» (Дивэн, 20 жашта).
Түшүнө бил. Жагдайга ата-энеңдин көз карашы менен караганга аракет кыл. Ыйык Китептеги: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деген кеңешке ылайык иш кылып, ата-энеңдин кызыкчылыгын ойло (Филипиликтер 2:4).
«Ата-энемди өзүмдүн командамдай эмес, каршылаштарымдай көрчүмүн. Бирок азыр, мен жоопкерчиликтүү адам болууга үйрөнүп жаткандай эле, алар да камкор ата-эне болууга үйрөнүп жатышканын түшүнөм. Ата-энем ар бир нерсени мени жакшы көргөндүктөн кылчу экен» (Жошуа, 21 жашта).
Сунуштарыңды айт. Мисалга бир кечеге баргың келип жатат дейли. Бирок ал жакка барыш үчүн бир саат жол жүрүшүң керек. Ата-энең ал кечеге барганга уруксат бербей койду. Эмне үчүн жибербей койгонун аныкта: буга жолдун алыстыгы себеп болдубу же кеченин өзүбү?
Эгерде жолдун алыстыгы болсо, анда сени менен бара турган ишеничтүү бирөөнү айтсаң, макул болушу мүмкүн.
Кеп кечеде болсо, кимдер барарын, ким көзөмөлдөөрүн айтсаң, уруксат бериши мүмкүн.
Сылык-сыпаа сүйлөп, ата-энеңдин эмне деп айткысы келип жатканын аягына чейин кунт коюп ук. «Ата-энеңди сыйлаарың» сөзүңөн да, ишиңен да көрүнүп турсун (Эфестиктер 6:2, 3). Ошентсең, алар оюн өзгөртүшү мүмкүнбү? Өзгөртүшү да мүмкүн, өзгөртпөшү да мүмкүн. Кандай болбосун, аларга баш ий.
Ата-энеңдин чечимин сыйла. Бул абдан маанилүү кадам. Каалап жаткан нерсеңе жетиш үчүн ата-энең менен талашып-тартышсаң, кийинки жолу сүйлөшкөнүңдө, алар сени укпай коюшу жана эркиндик бербей коюшу мүмкүн. Ал эми даярдуулук менен баш ийсең, көбүрөөк эркиндик бериши ыктымал.