Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ата-энем соцтармактарды колдонгонго уруксат бербесе, эмне кылсам болот?

Ата-энем соцтармактарды колдонгонго уруксат бербесе, эмне кылсам болот?

 Досторуңдун баары эле соцтармактарды колдонгондой, ошол жөнүндө эле кеп кылгандай сезилет. Балким, соцтармактарды колдонбогонуң үчүн алар сени шылдыңдашаттыр. Соцтармактар тууралуу эмнелерди билишиң керек? Эмне кылсаң болот?

Эмнелерди билишиң керек?

 Жалгыз сен эле эмессиң. Көптөгөн ата-энелер балдарына соцтармактарды колдонгонго уруксат бербейт. Алар муну көп учурда балдарын төмөнкү нерселерден коргош үчүн кылат:

  •   депрессиядан жана акыл-эс саламаттыгынын жабыркашынан

  •   порнографиядан, секстингден жана кибербуллингден

  •   ашыкча көйгөйлөрдөн жана түшүнбөстүктөрдөн

 Көптөгөн өспүрүмдөр өз каалоосу менен соцтармактарды колдонбой эле коюуну чечишкен. Алар соцтармактардын пайдасынан зыяны көп экенин түшүнүшкөн. Айрым мисалдарга токтололу:

  •   Прискила пайдалуу нерселерге колдоно ала турган убактысын соцтармактарга уурдатып жатканын түшүнгөн.

  •   Жеремиге соцтармактардан адепсиз нерселердин чыга бергени жаккан эмес.

  •   Бетани соцтармактардын айынан башкалардын жашоосуна, эмне кылып жатканына өтө эле көп көңүл буруп калганын байкаган.

 «Мен соцтармактагы баракчамды өчүрүп салганыма эч качан өкүнбөйм. Эми маанилүүрөөк нерселерге көбүрөөк убактым болуп калды» (Сиерра).

 «Соцтармактарга байланып калганым жакчу эмес. Мен салган постторго башкалар кандай карайт, эмне деп жазат болду экен деп кечке эле ойлоно берчүмүн. Албетте, баракчамды өчүрүп салыш оңой болгон жок, бирок ошенткенден кийин кадимкидей жеңилдеп калдым. Көңүлүм да жай алып калды» (Кейт).

Эмне кылсаң болот?

 Ата-энең бекиткен эрежелерге баш ий. Алар бекиткен эрежелерге ачууланбай же наалып-напчыбай баш ийсең, жетилип калганыңды көрсөтөсүң.

 Ыйык Китептеги принцип: «Акылсыз бүт ачуусун чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат» (Накыл сөздөр 29:11).

 Айрымдар: «Ата-энеңе айтпай эле соцтармактарды колдонуп жүрө бер же жашыруун баракча ачып ал»,— деп айтышы мүмкүн. Бирок андай кылганың туура эмес болуп калмак. Ата-энеңе калп айтканың үчүн кыжалат болуп, өзүңдү күнөөлүү сезишиң мүмкүн. Эгер калп айтып жүргөнүңдү ата-энең билип калса, өзүңө эле жаман болот жана алар сага мурдагыдай ишенбей калат.

 Ыйык Китептеги принцип: «Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (Еврейлер 13:18).

 Өзүңдүн чечимиң болсун. Жогоруда айтылган жаштардай болуп, сен да соцтармактарды эмне үчүн колдонбой эле койсоң болору жөнүндө ойлонуп көр. Эгер соцтармактар сага терс таасир этип жатса, анда аны ата-энең айтканы үчүн эле эмес, өзүң чечкениң үчүн колдонбой эле койгонуң жакшы. Эгер өзүң чечип алсаң, теңтуштарыңдын алдында тайсалдабай, аларга эмне деп жооп беришти жакшы билесиң. Мунун аркасында алар сени шылдыңдабай калышы мүмкүн.

 Жыйынтык: Ата-энең койгон эрежелерге баш ий, алардын эмне үчүн ошенткенин түшүнгөнгө аракет кыл. Ошондо бул алардын эле эмес, сенин да чечимиң болот. Соцтармактарды колдонбосоң деле күнүң өтө берет.