ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ
Сүйлөшө баштоо (2-бөлүк). Сүйлөшүп жүргөндө эмнелерди күтсөм болот?
Кимдир бирөөнү жактырып калдың дейли. Анан экөөңөр бири-бириңерге ылайыктуу жар боло аласыңарбы, жокпу, билиш үчүн сүйлөшө баштайсыңар. Жакыныраак тааныша баштаганда бири-бириңерден эмнелерди күтсөңөр болот?
Бул макалада:
Ачык сүйлөшүү
Сүйлөшкөн кызың же жигитиң менен чогуу убакыт өткөргөндө ал жөнүндө көбүрөөк биле бересиң. Айрым нерселерди болсо анын ар кандай жагдайларда кылган иш-аракетинен баамдай аласың.
Бирок кээ бир нерселерди ачык сүйлөшмөйүн биле албайсың. Оюңарды ортого салып, ачык сүйлөшүп жатканда сезимдерге алдырбай, баарын шашпай таразала.
Төмөндөгү суроолорду чогуу талкуулап көрүшүңөр керек:
Акча маселеси. Карызың жокпу? Кээде ойлонбой эле акчаңды кереги жок нерселерге чача бербейсиңби? Кийин үй-бүлө куруп калсаңар, киреше менен чыгаша маселесин кантип чечесиңер?
Ден соолук. Ден соолугуң чың элеби? Буга чейин ден соолугуңа байланыштуу кандайдыр бир олуттуу көйгөй болгон эмес беле?
Максаттар. Алдыга койгон кандай максаттарың бар? Экөөңөрдүн максаттарыңар окшошпу? Үй-бүлө кургандан кийин жагдай өзгөрүп кетип, максаттарыңа жете албай калсаң, көңүлүңдү чөгөрбөй, андан ары кубанып жашай бере аласыңбы?
Үй-бүлө. Учурда үйүңдөгүлөрдөн кимдир бирөөгө кам көрүү милдети сенин мойнуңдабы? Кийинчерээк кимдир бирөөгө кам көрүүгө туура келиши мүмкүнбү? Балалуу болгуң келеби? Эгер ошондой болсо, канча балалуу болгуң келет?
Ушундай суроолорду талкуулап жатканда баарын ачык айтып, чынчыл болгула. Жакшы көрүнүш үчүн эле кайсы бир нерселерди жакшырып койбогула же бурмалабагыла (Еврейлерге 13:18).
Ойлонуп көр: Сүйлөшүп жүргөн жигитиң же кызың жөнүндө эмнелерди билишиң керек? Ал сен жөнүндө эмнелерди билиши керек? Чынчыл болгонуңар, эгер баш кошобуз деп чечсеңер, кийин бири-бириңер менен ачык пикирлешкенге кандайча жол ачат?
Ыйык Китептеги принцип: «Бири-бириңерге дайыма чындыкты айткыла» (Эфестиктерге 4:25).
«Кыз 6 айдын ичинде колумду сурайт болуш керек деп ойлошу мүмкүн. Ал эми жигит болсо 1 жылдын ичинде деши ыктымал. Андайда кыз бат эле болот болуш керек деп күтүп алгандыктан, жаман болушу мүмкүн. Ошон үчүн экөөнүн тең бул маселеге карата бири-биринин оюн жакшы билгени маанилүү». (Турмушка чыкканына 1 жыл болгон Ариана.)
Көз карашыңардын эки башка болушу
Эки тамчы суудай опокшош кишилер болбойт. Андыктан сүйлөшүп жүргөн жигитиң же кызың менен бардык нерседе бир пикирде болуп, ой-сезимдериңер окшош болот деп күтпө. Анткени маданиятыңар, алган тарбияңар көз карашыңарга таасир этет.
Ойлонуп көр: Майда-чүйдө нерселерде көз карашыңар эки башка болуп калды дейли. Эгер Ыйык Китепте ачык көрсөтмө жок болсо, тынчтыкты сакташ үчүн экөөңөр тең ийилгенге даярсыңарбы?
Ыйык Китептеги принцип: «Баарына эстүү адамдар катары таанымал болгула» (Филипиликтерге 4:5).
«Бири-бирибизге укмуштай төп келет экенбиз деп ойлогон күндө да, айырмачылыктар сөзсүз болот. Бири-бириңерге ылайык келгениңер маанилүү дечи. Анткени менен, көз карашыңар эки башка болуп калган жагдайларда кандай сапаттарды чагылдырарыңар андан да маанилүү». (Үйлөнгөнүнө 5 жыл болгон Метью.)
Стресс болушуңар мүмкүн
Сүйлөшүп жүргөн мезгил көп убакытты талап кылары шексиз. Бул болсо стресс кылбай койбойт. Ошондой учурда эмне жардам берет?
Акылга сыярлык чектерди коюп ал. Эси-дартыңдын бар эле ошол болуп калбасын. Башка жоопкерчиликтериңди, досторуңду унутуп калба. Турмушка чыкканына 5 жыл болгон Алана мындай дейт: «Үй-бүлө кургандан кийин деле достор керек, сен да аларга керексиң. Сүйлөшүп баштаганың үчүн эле досторуң менен мамилеңди үзүп койбо».
Өз алдыңча түтүн булата баштаганда жашоонун бардык тармагында тең салмактуу болушуң керек болот. Ушуну унутпа. Анда сүйлөшүп жүргөндө эле ушундай кылганга аракет кылып көрбөйсүңбү?
Ойлонуп көр: Сүйлөшүп жүргөн кызыңан же жигитиңен мага көп көңүл бур же көп убакыт бөл деп талап кылып жаткан жоксуңбу? Же ал сенден көптү талап кылып жаткандай сезилген жокпу? Бири-бириңерге убакыт, көңүл бөлгөнүңөр тумчуктура каптап калган суудай же какшып калган чөлдөй болбошу үчүн, эмне кылсаңар болот? Тең салмактуулук сактаганга эмне жардам берет?
Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир нерсенин өз убагы бар» (Насаатчы 3:1).
«Кыз-жигит сүйлөшүп жүргөндө убактысын көңүл ачуу менен эле өткөрсө, баш кошуп, бири-бирин чындап биле баштаганда көңүл кайттыкка туш болушу мүмкүн. Алардын бир нерселерди сатып алуу, үй иштерин кылуу, Кудайга сыйынуу сыяктуу иштерди чогуу кылганы жакшы. Мунун баары никеге жакшы пайдубал болот». (Үйлөнгөнүнө 2 жыл болгон Дэниэл.)
Сүйлөшүп жүргөн мезгил салыштырмалуу кыска эле убакытка созулат. Ал учурда же баш кошолу, же мамилебизди токтотолу деген чечим чыгарышыңар керек болот. Бул катар макалалардын 3-бөлүгүндө ушундай чечим чыгарып жатканда эмнелерди эске алышыңар керектиги талкууланат.